Нарындык окуучу Венгрияда өткөн дүйнөлүк олимпиадада коло медалга ээ болду. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Алихан Айдарбеков билимин информатика сабагы боюнча сынаган.
10-класстын окуучусу келечекте программист болууну максат кылат. Ал учурда эне тилинен сырткары англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Белгилеп кетсек, аталган олимпиадага дүйнөнүн 90 мамлекетинен 355 окуучу катышкан.