АКШ Кыргызстандагы бала бакчаларга 3 млн доллар бөлөт

АКШ Кыргызстанда мектепке чейинки бала тарбиялоо системасын жакшыртууга 3 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Долбоор балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Анын алкагында ишкер аялдарга балдарды өнүктүрүү борборлорун ачууга шарт түзүлөт.

 

Үч жыл аралыгында 100дөн ашуун мектепке чейинки тарбиялоо борборуна колдоо көрсөтүлүп, 700дөй тарбиячы жана мугалим үчүн окуу уюштурулат деп күтүлүүдө.