Кыргызстандыктар үчүн Казакстанда жүрүү эрежелери өзгөртүлдү

Кыргызстандыктар үчүн Казакстанда жүрүү эрежелери өзгөртүлдү. Алмата шаарындагы биздин өлкөнүн генералдык консулдугунан билдиришкендей, мурда чек араны өтүүдө кыргызстандык жаран Казакстанда жүрүү эрежесин бузганы аныкталса, ага кирүүгө уруксат берилген эмес.   Эми уруксат берилген 90 күндөн ашык жүрсө дагы, кыргызстандыктар Казакстан аймагына киргизилет.   Мындай тартип… Кененирээк…

Өлкөнүн 3 облусунда мамлекеттик дарыканалар ачылат

Өлкөнүн 3 облусунда мамлекеттик дарыканалар ачылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, мындай чечим калкты жеткиликтүү баадагы сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо максатында кабыл алынды.   Эки мамлекеттик дарыкана Ош шаарында, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа,  Өзгөн жана Араван райондорунда ачылат.   Ошондой эле мындай дары сатуучу түйүндөр Жалал-Абад, Кочкор-Ата… Кененирээк…

Шаурмага ууланган окуядан кийин Бишкектеги тез татым жайларынын баары текшерилет

Шаурмага ууланган окуядан кийин Бишкектеги тез татым жайларынын баары текшерилет.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Тийиштүү тапшырманы ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев берген.   Эске салсак,  Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайында  21 киши шаурмага ууланды. Алардын 15и Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсия жогорулады

Кыргызстанда пенсия жогорулады. Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсияны жогорулатууга 4 миллиард сом багыттады. Президент жарлыгына ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү  38 пайызга, бирок 500 сомдон кем эмес суммага көбөйтүлдү.   Муну менен алдыдагы индексациянын жыйынтыгында өлкөдө орточо пенсия 9 миң 354 сомду түзүп калат. Бул буга… Кененирээк…

Азия оюндарында алтын медаль алган дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир тапшырылат

Азия оюндарында алтын медаль алган дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир тапшырылат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев билдирди.   Анын айтымында, бул өлкө тарыхында дзюдо боюнча биринчи алтын болгондуктан, башка спортчуларга дагы стимул болсун деп Шеровго батир белекке берүү чечими кабыл алынды. Эске салсак,… Кененирээк…

Бишкекте учурда көмүрдүн баасы туруктуу, тартыштык жок

Бишкекте учурда көмүрдүн баасы туруктуу, тартыштык жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады. Кара отундун наркынын жогорулап кетишин алдын алуу максатында ведомство кызматкерлери сатуу жайларында мониторинг жүргүздү.   Кара-Кече көмүрү 5 миң 500 сомдон, ал эми казакстандык отун 6 миң сомдон берилип жатат.… Кененирээк…

Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандар менен ишкерлерге жеңилдетилген тартипте 8,5 миллиард сомго кредит берилди

Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандар менен ишкерлерге жеңилдетилген тартипте 8,5 миллиард сомго кредит берилди. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.   1-сентябрга карата каржы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган. Анын ичинен 36,4 миллион сом суммадагы жалпы 378 кредит кечирилип, 324,3 миллион сомдук 230 насыя реструктуризацияланган.

Бишкекте тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланды

  Бишкекте тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланды. Бул тууралуу шаардык сан-эпидем көзөмөл борборунан билдиришти. Массалык уулануу Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайында болгон.   Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Калган алты адам амбулатордук дарылоодо. Тез… Кененирээк…