УЕФА Еврокубоктордун форматын өзгөртүүнү карап жатат

УЕФА Еврокубоктордун форматын өзгөртүүнү карап жатат. Алсак, инновация катары үч дивизионду киргизүү каралат: Суперлига, Европа лигасы жана Талапкерлер лигасы.   Анын алкагында төрт команда үчүнчү дивизиондон экинчиге, эки команда экинчиден биринчиге өтө алат.   Мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү октябрь айындагы жыйында талкуулоо пландалууда. Бирок жаңычылдык 2027-жылдан… Кененирээк…

Футбол боюнча улуттук курама команда эки жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.   12-октябрда кыргызстандыктар Бахрейн, 15-октябрда Филиппин менен беттешет. Алдыдагы окуу-машыгуу Бишкекте жана Бахрейнде өтөт.   Эске салсак, 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына жана 2027-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндары ноябрда башталат.

Коронавирустун “Дельта” штаммы жайылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда өлүмгө алып келген коронавирустун “Дельта” штаммы жайылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.   Оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматына караганда, мындай билдирүүлөр социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тарап жатат.   Мекеме өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилейт жана жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Бишкекте көмүр тартыштыгы жок экени кабарланды

Бишкекте көмүр тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Мекеменин кызматкерлери мониторинг да жүргүзүп, кара отунга баа туруктуу экенин жана кымбатташы күтүлбөй турганын аныкташкан.   Алсак, Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5,5 миң сом, ал эми казакстандык “Каражыра” менен “Шабыркүл” 6 миң… Кененирээк…

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык эко-такси ишке кирди

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык эко-такси ишке кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, азырынча электр кубаты менен иштеген 10 унаа каттамга чыкты.   Такси Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен тарта 12-кичи районго чейин эртең мененки саат 7ден 10го чейин жана кечинде саат 5тен 8ге чейин сары тилке менен… Кененирээк…

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 43 адамга жетти

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу  24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Жалпысынан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 43 адам кайрылган, 23ү жаткырылды, алардын экөөсү жаш балдар. Учурда алардын абалы канааттандыраарлык.   Эске салсак,  уулангандар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев… Кененирээк…

Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленип жатат

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-октябрда Ормон хандын (Ормон Ниязбек уулунун) 230 жылдыгы белгиленип жатат. Ага президент Садыр Жапаров баштаган саясий-коомдук жана маданий ишмерлер катышууда. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анда Семиз-Бел айылында туу көтөрүү, Ормон хандын эстелигин ачуу өңдүү иш-чаралар, улуттук оюндар өтөрүн… Кененирээк…

Канада тургуну дүйнөдөгү эң ачуу 50 калемпирди 7 мүнөттө жеди

Канада тургуну дүйнөдөгү эң ачуу 50 калемпирди 7 мүнөттө жеди. Бул жыйынтыгы менен ал Гиннес Рекорддор китебине катталды. Жалпысынан эркек                       135 калемпирди жеген.   Каролина Рипер сортундагы калемпир дүйнөдөгү эң ачуу деп табылып, аны күйүп турган отту оозго салуу менен салыштырып келишет. Рекордчунун айтымында, ал… Кененирээк…

Эртең Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн облустук, райондук борборлорунда сирена жаңырат

Эртең Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн облустук, райондук борборлорунда сирена жаңырат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, окуу иш-чарасы “Каргашалар коркунучун төмөндөтүү күнүнө” карата ишке ашат. Эртең мененки саат 10до сирена Бишкекте жаңырат.   Андан кийин жалпы сигнал берүү системасы Ошто иштетилет, андан кийин облустук, райондук борборлордо. Жарандарга… Кененирээк…

Ошто 10 миңден ашык үй-бүлөгө акысыз ун жана өсүмдүк майы таратылат

Ошто 10 миңден ашык үй-бүлөгө акысыз ун жана өсүмдүк майы таратылат.   Азыкты Россия өкмөтү гуманитардык жардам иретинде тапшырды. 434 тонна байытылган ун жана дээрлик 38 тонна суу май 10 миң 820 аз камсыздалган үй-бүлө арасында бөлүштүрүлөт.