Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандар менен ишкерлерге жеңилдетилген тартипте 8,5 миллиард сомго кредит берилди. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
1-сентябрга карата каржы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган. Анын ичинен 36,4 миллион сом суммадагы жалпы 378 кредит кечирилип, 324,3 миллион сомдук 230 насыя реструктуризацияланган.