Бишкекте тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланды

 

Бишкекте тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланды. Бул тууралуу шаардык сан-эпидем көзөмөл борборунан билдиришти. Массалык уулануу Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайында болгон.

 

Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Калган алты адам амбулатордук дарылоодо. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды.