Билим берүү министрлигине 65 ноутбук тапшырылды

Билим берүү министрлигине 65 ноутбук тапшырылды. Ведомстводон билдиришкендей, техниканын лицензиялык программалык камсыздоосу жана башка зарыл шаймандары бар.

 

Ноутбуктар райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырылат. Техника маалыматты анализдөөдө, санариптик мониторинг жүргүзүүгө жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга колдонулат.