Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

13-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов, Фрунзе көчөлөрүндө, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде өчүрүүлөр күтүлөт.

 

Турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка объектилерде суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.