Бишкектеги №1 Шаардык клиникалык ооруканасында 40 орундуу эндокринология бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды.
Медициналык жайдын башкы дарыгери Акылбек Мусаев бул бөлүмдүн имаратында курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи.
Калыбына келтирүү жумуштары шаардын эсебинен, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 12 миллион сомдон ашык суммага жүргүзүлгөн.