Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жаан-чачындуу аба-ырайына байланыштуу 21-ноябрга чейин тоолуу аймактарда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

 

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.