Бишкекте 26 косметологиялык жай лицензиясы жок иштеп жатканы белгилүү болду

Бишкекте 26 косметологиялык жай лицензиясы жок иштеп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 

Атайын комиссия 16-17-ноябрда косметологиялык процедураларды жүргүзгөн салон жана кабинеттерди текшерген. Жыйынтыгында 26 мекеме тиешелүү документтери жок эле медициналык операцияларды жасап жүргөнү белгилүү болуп, аларга 84 миң сом айып салынды.

 

Министрлик лицензиясы бар медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.