Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине катталды. Эске салсак, Букуев футбол боюнча дүйнө чемпионаттарын тейлеген беттештердин саны боюнча дүйнөнүн абсолюттук рекордчусу болуп саналат.
Анын эсебинде 4 биринчилик бар: Бразилия, Тайланд, Колумбия жана Литвада өткөн дүйнө чемпионаттары.