Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Бишкек – Ош трассасынын 113-чакырымында бензовоз бетон тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.
Жол кырсыгынын жыйынтыгында айдоочу жабыркап ооруканага жеткирилди.
Ал эми бензовоздогу 20 тонна бензин дарыяга төгүлдү. Буга байланыштуу Талды-Булак жана Сосновка айылдарына таза суу берүү токтотулду. Суунун техникалык абалын текшерүү максатында атайын экспертизалар дайындалды.