Баткен районунда эски скважиналар оңдолуп, жаңылары казылат

Баткен районунда эски скважиналар оңдолуп, жаңылары казылат.

 

Иштерди жүргүзүүгө тендерди Самаркандек айыл башкармалыгы жарыялады. Жергиликтүү бийлик Орто-Сай жана Падахана айылдарында скважина бургулоону пландап жатат.

 

Андан тышкары, Паскы-Арык жана Жаштилек айылдарында дренаждык объектилер калыбына келтирилет. Бул долбоорлорду ишке ашырууга 16 миллион сом каралууда.