Кыргызстанда жалпысынан 80 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда

Кыргызстанда жалпысынан 80 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата 50 мамлекеттик дарыкана ийгиликтүү иштеп жатса, 30у жакынкы арада ачылат. Эске салсак, аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү жеткиликтүү.

 

Баасы жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайызга арзан болот.