Республикадагы айрым калк жашаган түйүндөрдүн аталыштарын өзгөртүү демилгесин парламент колдоду.
Мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Документке ылайык, Баткен облусундагы Көтөрмө айыл аймагы Молдо-Нияз деп, Жалал-Абаддагы Назаралиев айыл аймагы – Үч-Коргон деп, ал эми Ысык-Көл облусундагы Семенов айыл аймагы – Кожояр деп өзгөртүлөт. Тизмеде ошондой эле Жалал-Абаддагы 3 айыл, Ысык-Көлдөгү 2 айыл бар.