Кара-Сууда ККМге каршы чыккандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ондогон соодагерлер ККМ колдонууга каршы экенин билдирип, райондун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мититинг тынч өтүп жатат.

 

Анда салык кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулгандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

 

Эске салсак, бийлик соңку жылдары өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттендирүүдө.

 

Кошумчаласак, Кара-Суу Борбор Азиядагы эң ири соода жайлардын бири болуп саналат. Анда 5 миңден ашык киши иштейт.