Баткендин Кадамжай районундагы Лениндин эстелиги алынды

Баткендин Кадамжай районундагы Лениндин эстелиги алынды. Бул тууралуу аким Кутпидин Шакиров билдирди.

 

Анын айтымында, райондук администрациянын алдына эми аймактан чыккан улуу инсандардын биринин айкели орнотулат.

 

Ал кошумчалагандай, Лениндин эстелигин башка жакка көчүрүү тарыхчылар жана жергиликтүү калк менен кеңешип чечилген.