Бишкек шаарынын таштанды полигонуна 850 көчөт тигилди

Бишкек шаардык мэриясы таштанды полигонун жашылдандыруу иш-чарасынын алкагында 850 көчөт тигилгенин билдирди. Бара-бара бул жер токойго айланарын, тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонуларын маалымдады.

 

“Натыйжада 2,3 гектар жерде токой тилкеси пайда болот. Бул багыттагы иштер улантылат. Көчөттөр санитардык полигондун көпчүлүк бөлүгүнө отургузулат. Ошондой эле тамчылатып сугаруу системасынишке ашырылат”,-деп жазылган маалыматта.

 

Бишкек мэриясы ушул жылы май айында шаардын түндүк тарабындагы таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлаган. Анын аймагын ирээтке келтирүү жана айланасына тосмо куруу иштери уланып жатканын билдирген.

 

Бишкектеги таштанды төгүүчү жай 1978-жылдан бери колдонулуп жаткан жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр шаарда миллиондон ашык киши жашайт.

Полигондогу таштанды күйүп, шаарды кышы-жайы дебей түтүн каптап жатканына нааразылыктар тынбай айтылып келген.

 

Маселени чечүү үчүн Кыргызстан 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алып, таштанды жайын көмүү, жаңысын ишке киргизүү иштери жасалары жана акыр-чикирди ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор дагы деле бүтө элек.