Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгү бош иш орундар жарманкеси өтөт

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгү бош иш орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 4-декабрдан 14нө чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Каракол жана Бишкек шаарларында өтөт.   Жарманкеде чет мамлекеттерде ишке орноштуруу боюнча 20 агенттик 2 миңден ашык вакансия… Кененирээк…

Жогорку ылдамдыктагы интернет эми Нарын облусунун Кочкор районунда жеткиликтүү

Жогорку ылдамдыктагы интернет эми Нарын облусунун Кочкор районунда жеткиликтүү. Бул жерде 169 чакырым интернет линиясы тартылды. Муну менен 39 социалдык объект, анын ичинде 14 мектеп дүйнөлүк тармак менен камсыздалды.   Ошондой эле райондогу айылдар дагы интернет коштуруп алса болот, — деп билдиришти Санариптик өнүктүрүү министрлигинен.

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. билим берүү мекемесин курууга 457,5 миллион сом жумшалат.   Аткаруучу компаниялардан арыздар 15-декабрга чейин кабыл алынат.

Дүйнөнүн эң кымбат шаарларынын тизмеси жаңыртылды

Дүйнөнүн эң кымбат шаарларынын тизмеси жаңыртылды. Биринчи орунду Цюрих жана Сингапур ээлешти. Андан кийин Нью-Йорк жана Женева жайгашат. Алгачкы ондукка ошондой эле Гонконг, Париж жана Лос-Анжелес кирет. Аналитиктер 170 шаардагы турак-жайдын ижарасын, азык-түлүк баасын жана медицина кызматынын жеткиликтүүлүгүн эсептешкен.   Маалыматка ылайык, коммуналдык кызматтар эң… Кененирээк…

Ордо калаанын Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөр кесилишинде жол белгилери өзгөртүлдү

Ордо калаанын Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөр кесилишинде жол белгилери өзгөртүлдү.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, эми бул жерде батыштан түндүк тарапка, чыгыштан түштүккө жана түндүк тараптан чыгышты көздөй экинчи катардан солго кайрылууга уруксат берилет.   Мэриядан белгилешкендей, мындай өзгөртүүлөр жол кыймылын жакшыртуу максатында киргизилди.

Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады

Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, объект Токтогул районунда жайгашкан.   Коридордун узундугу 460 метр, ал эми бийиктиги   8,5 метрди түзөт.   Учурда объект колдонууга берилип, кийинки жылдын ноябрына чейин сыноодон өтөт. Бул… Кененирээк…

Окумуштуулар кооптуу ооруларды алдын алуу касиети бар мөмөнү аташты

Окумуштуулар кооптуу ооруларды алдын алуу касиети бар мөмөнү аташты. Ал – анар. Курамында пайдалуу заттар көп болгондуктан, анар ашыкча салмагы, кант диабети, метаболизм бузуулары бар адамдарга жардам берет.   Ошондой эле бул мөмө инфаркт, инсульт, гипертония жана атеросклерозду алдын алат. Анар зат алмашууну жакшыртып, кандагы… Кененирээк…

Мугалимдердин окутуу ыкмасын жакшыртуу үчүн инновациялык борбор түзүлөт

Мугалимдердин окутуу ыкмасын жакшыртуу үчүн инновациялык борбор түзүлөт.  Бул тууралуу Били м берүү министри Догдуркүл Кендирбаева парламентте билдирди.   Анын айтымында, Россиянын билим берүү министрлиги менен биргеликте чоң жарманке уюштуруу пландалууда. Анын алкагында россиялык адистер келип бала бакча, мектептерди өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Бишкекте унааларды башаламан токтотуп койгон жайлар жашыл аймакка айланат

Бишкекте унааларды башаламан токтотуп койгон жайлар жашыл аймакка айланат. Мэриядан такташкандай, унаа токтоткон жайлардын ордуна бак-дарактар отургузулат.   Учурда Тыныстанов – Абдымомунов, Панфилов – Фрунзе, Байтик баатыр – Жантөшев жана Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилиши тазаланып, унаалар башаламан токтобошу үчүн бордюрлар орнотулду. Андан кийин… Кененирээк…

Росатом Кыргызстандагы калдыктарды сактоочу жайларды рекультивациялоону улантат

Росатом Кыргызстандагы калдыктарды сактоочу жайларды рекультивациялоону улантат.   Бул тууралуу Минск шаарында жолугушуу учурунда Өзгөчө кырдаалдар министри Азамат Мамбетов менен Росатомдун директорунун орун басары Николай Спасский макулдашты.   Бүгүнкү күнгө карата россиялык мамлекеттик ишкана Миң-Куш айылындагы “Как” калдык сактоочу жайында иштерди жыйынтыктап, “Талды-Булак” жана “Дальний”… Кененирээк…