Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт

Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.  Тиешелүү сунуш алгач Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен келип түшкөн.

 

Ордо калаанын экологиялык абалын эске алуу менен жаңы жылдык салюттан баш тартуу чечими кабыл алынды. Эске салсак, 2023-жылды тосууда  майрамдык салютка 750 миң сом сарпталган.