Чет элдик компаниялар менен Токтогул ГЭСинен 3 эсе чоң станция куруу макулдашылды

Чет элдик компаниялар менен Токтогул ГЭСинен 3 эсе чоң станция куруу макулдашылды. Франциянын жана Бириккен Араб Эмирликтеринин энергетикалык компаниялары Кыргызстанга жалпы кубатуулугу 3,6 гигаватт станцияларды курууга даяр.

 

Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Дубайда өткөн Климат боюнча дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргызстандын энергитика министри, франциялык EDF жана БАЭнин Masdar мамлекеттик компанияларынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Белгилеп кетсек, учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1,2 гигаваттан ашыгыраак.