Кыргызстанда миграцияга чейинки 10 даярдоо борбору ачылды

Кыргызстанда миграцияга чейинки 10 даярдоо борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек министри Гүлнара Баатырова билдирди.

 

Анын айтымында, борборлор кесиптик лицейлердин базасында уюштурулган. Алар ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенишет.

 

Министр белгилегендей, окутуу санариптик инструменттер жана гибрид форматтары аркылуу жүргүзүлүүдө.