Кыргызстанда 56 миңден ашык адам эмгек акысына азык-түлүк алышты

Кыргызстанда 56 миңден ашык адам эмгек акысына азык-түлүк алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери «Эмгектин ордуна азык-түлүк» долбооруна дээрлик 11 миң аз камсыз үй-бүлө катышкан.

 

Алар ирригациялык системаларды, жолдорду жана жергиликтүү деңгээлдеги суу менен камсыздоону жакшыртуу сыяктуу 400дөн ашык долбоорлорду ишке ашырышты.