Кыргызстанда түндө жер титиреди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, очогунда магнитудасы 7 баллга жеткен зилзала түнкү саат 12ден 9 мүнөт өткөндө Кытайда катталган.
Катуу жер силкинүү Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунда сезилди. Ал эми Бишкекте магнитудасы 4-5 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.