Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында 1 млрд сомдук келишимдерге кол коюлду

Анкарада өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд сомдук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинде буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү, жаңгакты экспорттоо боюнча келишимдер бар.

 

Мындан тышкары, президенттин Баткен жана Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Түркиянын эң өнүккөн жана эң чоң өнөр жай аймактарынын бири – OSTIM ортосунlа кызматташуу жөнүндө меморандум кабыл алынды.