Биринчи медициналык жардам үчүн 11 млн доллардан ашык бөлүнөт

Кыргызстанда биринчи медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга 11 млн доллардан ашык бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча гранттык макулдашуу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен жетишилди.

 

Каражат ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын диагностикалык жана дарылоо потенциалын чыңдоого жумшалат.