Ошто туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды

Ошто туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, мында туристтер кайсы жерлерге баруу керектиги, мейманканалар, гиддер жана логистикалык компаниялар, тамактануучу жайлар, сим-карта алуу, зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги тууралуу маалыматтарды ала алышат.

 

Эске салсак, ушундай эле маалымат үстөлдөрү Бишкектеги Улуттук тарых музейинде жана «Манас» эл аралык аэропортунда иштеп келет.