Эмгек министрлигине тиешелүү 21 кызмат электрондук форматка өткөрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү 21 кызмат электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Мындай чара калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.