Жалал-Абадда 2,1 миң даана китеп санариптештирилди

Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 1-январына карата ар кандай жанрдагы 2 мин 121 даана китеп санариптештирилип, электрондук вариантка өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, өткөн жылы райондогу китепканаларга керектелүүчү компьютер жабдуулары алынып берилген.

 

Облус боюнча жалпы китеп фондусу 2 млн 187 миң 881 даананы түзөт.

 

Маданий мекемелер толугу менен «Инфодокс» электрондук кат алмашуу системасына киргизилген. Кат жазуулар жана кат-кабар алышуулар толугу менен электрондук системасынын негизинде жүргүзүлүүдө.