Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына 18 унаа тапшырылды

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына «ВАЗ-НИВА-21214» үлгүсүндөгү жаңы 18 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кызматтык унаалар облустун аймагында өткөрүлүп жаткан «Коопсуз өлкө –туруктуу келечек» аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тарабынан тапшырылды.

 

Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Ыссык-Көл ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, райондук жана Балыкчы, Каракол шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Ыссык-Көл ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

 

«Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.