Эртең Ак-Босого конушунда суу болбойт

Эртең, 27-февралда Ак-Босого конушунда суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин аталган конуштагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

 

Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.