Кыргызстандын калкынын 20%дан ашыгына интернет жеткиликсиз. Бул тууралуу “Экономист” басылмасы чет элдик порталдын глобалдык санариптештирүү боюнча жылдык отчетуна таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, быйыл жыл башында Кыргызстанда 5 миллион 410 миң интернет колдонуучу болгон.
Аналитиктер социалдык тармактарды колдонуучуларды өзүнчө эсептеп чыгышты. Өлкөдө алардын саны дээрлик 3 миллионго жакын.
Кыргызстанда интернеттин жайылуу деңгээли жыл башында калктын 79,8 пайызын түздү.