Ошто бак-дарактардын жана миллиондогон гүлдүн көчөтү отургузулуп баштады

Ошто бак-дарактардын жана миллиондогон гүлдүн көчөтү отургузулуп баштады.

 

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйыл шаарга 300 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал, можжевельник, туянын эки түрүн отургузуу пландалууда.

 

Ошондой эле жол жээктерине, эс алуу бактарына, аллеяларга 20 миңге жакын бадал, гүлдүн 20 түрүнүн 1,5 миллиондон ашык көчөтү тигилет.