Бишкекте №12 автобустун каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте №12 автобустун каттамы өзгөртүлдү.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта аталган коомдук транспорт Каралаев жана Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары мурдагыдай эле Арашан айылына чейин барат.

 

Каттам шаардык тармакты оптимизациялоо максатында өзгөртүлдү.