Бишкек быйыл өзү 24 млрд сом таап, республикалык бюджеттен дээрлик 7 млрд сом алат

Бишкек шаардык мэриясы 2024-жылга борбор калаанын консолидацияланган бюджетинин киреше бөлүгүн 32 млрд 501 млн 814,8 миң сом деп сунуштады. Мэрия бюджеттин долбоорун коомдук талкуу үчүн өз сайтына жарыялады.

 

Мунун ичинен Бишкек шаары өзү быйыл 24 млрд 660 млн 712,3 миң сом табат. Анын 16 млрд сомдон ашыгы салыктык кирешелер, 2 млрд сомдон ашыгы салыктык эмес кирешелер жана 6 млрд сомдон ашыгы активдер менен милдеттенмелер.

 

Калаа бул жылы республикалык бюджеттен 6 млрд 973 млн 016,4 миң сом алат. Анын 4,3 млрд сомун автобустарды сатып алууга, 2,5 млрд сомун Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашаларын жабууга жана 54,9 млн сомун “Коопсуз шаар” долбоорун камсыздоого жумшайт. Мындан сырткары мэрия шаарга кошулуп жаткан айыл аймактарын каржылоо үчүн 868 млн сом алат.

 

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө да аз-маз айырмачылыктар менен ушул эле суммалар бекитилген. Бюджетти шаардык кеңеш бекиткен соң толук кабыл алынат. Депутаттар аны качан карай турганы белгисиз.

 

2023-жылы Бишкек шаарынын бюджети 22 млрд 869,5 млн сом деп бекитилген болчу. Жыл жыйынтыгында калаанын өзүнүн кирешеси 23 млрд 185,7 млн сом менен чыккан. Мэрия былтыр ошондой эле конкреттүү максаттар үчүн республикалык бюджеттен 7 млрд 192,3 млн сом каражат алган.