Кыргызстанда электр энергиясын берүүдө киргизилген чектөөлөр көпкө созулбайт

Кыргызстанда электр энергиясын берүүдө киргизилген чектөөлөр көпкө созулбайт. Буга Энергетика министри Таалайбек Ибраев ишендирди. Анын айтымында, 10-марттан тарта өлкөдө күн жылып, аба табы 15-16 градуска чейин көтөрүлөт деп күтүлүүдө.

 

Бул учурда электр кубатын колдонуу көрсөткүчү кескин азаят. Андыктан, электр энергиясын маал маалы менен өчүрүү дагы болбойт, — деди Ибраев.

 

Эске салсак, кечээ “Улуттук электр тармактары” ишканасы Кыргызстанда эми эртең менен жана кечкисин электр энергиясы өчүрүлө турганын жарыялады. Мунун себеби Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын иши токтогонуна байланыштуу.