Германия Кыргызстандын энергетика тармагына 300 миллион евро инвестиция салууга кызыктар

Германия Кыргызстандын энергетика тармагына 300 миллион евро инвестиция салууга кызыктар. Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев немис компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

 

Алар биздин өлкөдө күн электр станцияларын курууга 300 миллион евродон ашык инвестиция салуу, ошондой эле шамал энергетикасы тармагында кызматташуунун потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

 

Андан тышкары, немис тарап Кыргызстандын адистери үчүн жаңы ыкмаларды жана технологияларды окутууну, биргелешкен ишканаларга ишке орноштурууну сунуштайт.