Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды видео байкоо каттайт

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды видео байкоо каттайт. Мэрия жол эрежелерин бузууларды каттоого алуучу автоматтык система ишке киргенин билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жол эрежелерин көзөмөлдөгөн кызматтын унааларына видеокаттоо жабдуусу орнотулуп, ал жолдогу унааларды сүрөткө, видеого тартып, туура эмес токтогондорун автоматтык түрдө аныктап кете берет.

 

Топтолгон материалдын негизинде айып  салынып, ал “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу унаа ээлерине жөнөтүлөт.