Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Бишкек шаарынын административдик соту депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Бишкектин административдик соту №29 Свердлов райондук округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

 

2022-жылы февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөн.  Себеби 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бул эки округда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып кеткен.

 

Шайлоодо №29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоонун жыйынтыгында Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. Ал эми Шайлообек Атазов 16,28%, Аскар Алмаз уулу 12% добуш алган.

 

Муртазалиев 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Шайлообек Атазовго байланыштуу чечимди жокко чыгаруу жана аны шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кароодон баш тарткан. Андан соң Абдурахманхажи Муртазалиев сотко кайрылган.

Жогорку Сот депутаттыкка талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевди каттоону жокко чыгарган БШКнын чечимин күчүндө калтырган.