Кыргызстандын экономикасы олуттуу түрдө өскөнү белгиленди

Ушул жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстандын экономикасы олуттуу түрдө өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, бул аралыкта өлкөнүн ички дүң продукциясы 155,5 миллиард сомго жеткен.

 

Мындай көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5 пайызга жогору. Белгиленгендей, ИДПнын өсүшүнө өлкөнүн өнөр жай тармагы салым кошкон.