Кадамжайда 54 турак үй сел коркунучунан корголот

Кадамжайда 54 турак үй сел коркунучунан корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү айылындагы сайда механикалык тазалоо жумуштары башталды.

 

Тазалоо иштерине ӨКМден бульдозер тартылып, учурда иш уланууда. Жыйынтыгында Күлдү айылындагы 54 турак жана 600 метр ички чарбалык жол сел алып кетүү коркунучунан корголот.