Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Тилее” түйүнүндө Кыргызстандан 430 унаа кезек күтүп турат, ал эми “Чалдыбарда” – 90. Тез бузулуучу продукция жүктөлгөн машинелер кезексиз өткөрүлүүдө.

 

Ведомстводон белгилешкендей, узун кезектер жүк ташуу кескин өскөнүнө байланыштуу.

 

Бардык өткөрүү түйүндөрү кадимки режимде иштеп жатат. Казакстан дагы, Кыргызстан дагы кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизген эмес.