Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык

«Сосновка» постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда өлкөнүн башкы унаа жолдору кыймылга ачык.

 

Эске салсак, кечээ аба ырайынын шарттарына байланыштуу жүк ташыган унаалардын айрым ашууларда жүрүүсү чектелген.