Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз мелдеши өтүп жатат

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдеши өтүп жатат. Мелдешке 40 команда катышууда. Алар төрт лигага бөлүнүп мелдешүүдө. Оюндар Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында өтүп жатат.

 

Алар: Жогорку лига (6 команда), Биринчи лига (12 команда), Экинчи лига (16 команда) жана Легендалар лигаcы (6 команда).

 

Турнирдин алгачкы күнү Экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүшүүдө. 15-марттан тарта Легендалар (ардагерлер) жана Биринчи лиганын оюндары башталат. Ал эми 16-марттан баштап Жогорку лига катарга кошулмакчы.

 

Турнирди расмий ачылыш салтанаты 15-мартка белгиленген, ал эми финалдык оюндар Нооруз майрамына утурлай 21-мартта өтөт.

 

Көк бөрү Кыргызстандагы популярдуу улуттук спорттун бири. Спорттун бул түрүнөн республикалык мелдештер жылына үч жолу: Нооруз, 9-Май Жеңиш күнү жана 31-август Эгемендик күнүндө өтүп келет.