Ош базарында башаламан сооданы жоюу боюнча рейд жүрдү

Ош базарында башаламан сооданы жоюу боюнча рейд жүрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын жыйынтыгында уруксат берилбеген жерлерде соода кылган жарандардын кол арабалары, кол чатырлары, чатырлары, столдору, отургучтары алынды.

 

Ошондой эле соодагерлерге базардын белгиленген чегинен тышкары соода кылбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай рейддер улантылат.