Кемин районунун жашоочусу 12-баласын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу райондук жалпы дарыгерлер практика борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Үмүт Куланазарованын төрөтү ийгиликтүү өткөн. Эне-баланын абалы жакшы.
Баатыр айым ошентип жети кыз, төрт уулдун энеси болду.