Владимир Путин шайлоодо 87% добуш менен алдыда

Россиянын президенттик шайлоосундагы протоколдун 99,01 пайызы иштелип чыкты. Бул тууралуу РФтин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, Владимир Путин алдыда бара жатат. Ал шайлоочулардын 87,33 пайыз добушуна ээ болгон.
Эске сала кетсек, Россияда президенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Учурдагы 87 пайыз — бул Россиянын тарыхындагы президенттик шайлоодогу рекорддук көрсөткүч.
Буга чейин эң көп дегенде 76,69 пайыз болгон, анда дагы Путин жеңген.