Бишкекте 19-марттан 21-мартка чейин айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтында Ноорузду майрамдоого байланыштуу Чүй проспектиси — Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Раззаков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Орозбеков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин чектелет.
Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы зарыл.