Ошко Өзбекстандан сатып алынган автобустардын биринчи партиясы келди

Ошко Өзбекстандан сатып алынган автобустардын биринчи партиясы келди.

 

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, транспорттун калган бөлүгү 21-мартка чейин жеткирилет деп күтүлүүдө. Эске салсак, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан жетишилген макулдашууга ылайык, Ош шаарына лизингге 100 автобус алынат. Коомдук транспорт Самарканд унаа заводунда өндүрүлгөн.